Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өкмөт «Баткенге жардам» штабын түздү

Активдүү коомчулук дагы бүгүн жарандарды тынчтыкка чакырып жатат. Соцтармактарда кырдаалды чыңалтпай, диаспора жана ассоциациялар аркылуу колдоо көрсөтүү. Негизгиси — жаңжалдан эки республиканын эли үчүн тынчтык менен чыгып кетүү маанилүү.

29-апрелде Бишкек шаары 143 жашка толду. Буга байланыштуу калаанын ар кайсы аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Ага шаардыктар санитардык талаптарды аткаруу менен катышып, ар кандай оюн-зоок программаларына күбө болушту.

29-апрель, кечки саат бештер чамасында тажик тарап Кыргызстандын «Капчыгай, «Миң-Булак», «Достук» чек ара заставалары менен «Кожогар», «Булак-Башы» чек ара постторун миномет менен аткылаган. Натыйжада Баткендеги «Достук» чек ара заставасы өрттөнүп кеткен. Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргызстан УКМКсынын «Бөрү» атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара заставасын басып алды. Лейлек районунда дагы кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталган. Эки тараптан тең кошумча күчтөр тартылып, абал курч бойдой калууда. Чек ара жаңжалында жараат алган бир кыргызстандык каза болду. Түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча Өкмөттүн деңгээлинде жумушчу топ түзүлдү.

Мамлекеттик IT-ишканаларды оптималдаштырып, аларды борборлоштурулган бир уюмга бириктирүү менен министрлик деңгээлине чыгаруу иши пландалып жатат. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков билдирди. Анын айтымында, мындай чара административдик персоналды кыскартып, мекемелерди бириктирүүгө, сапаттуу продукция чыгарып, аны рынокто пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Келечек жаштардын колунда демекчи, бүгүнкү күндүн жаштарынын демилгелери, ой-жүгүртүүлөрү жана жаңы ачылыштары кубандырбай койбойт. Алардын ар бир жасаган аракети жерде калбайт. Тескерисинче, мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп, кубатталат. Бул туурасында өлкө башчысы 28-апрелде жаштар менен жолугушканда белгилеген. Күн мурун өлкөнүн 7 дубанынан чогулган активдүү жаштар президентке бир топ сунуштарын жолдой алышты.