Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Сергек жашоо: 10 чакырымга созулган веложарыш

4-апрелде ордо калаада ушул жылдын алгачкы веложарышы өттү. Иш-чара дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүн утурлай уюштурулган. Велосүйүүчүлөрдүн колоннасын тез жардам жана кайгуул кызматынын унаалары коштоп жүрдү.

Жакында ар бир жаран уюлдук телефонундагы мобилдик тиркеменин жардамы менен документтеринин электрондук түрүн алып жүрө алат. Май айында Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы тиркемени колдонууга сунуштаганы жатат. Мындай санариптик документти колдонууга киргизүү долбоору Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндөгү» жарлыгынын алкагында ишке ашмакчы.

11-апрелде кыргызстандыктар жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоо менен бирге Референдумга добуш берет. Шайлоо күнү мыйзамдардын сакталышын эл аралык байкоочулар да көзөмөлгө алат. 5-апрелге карата БШКга 50 эл аралык байкоочу катталган. Учурда шайлоочулардын тизмеси толук калыптанып, соңку даярдыктар көрүлүүдө.

Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга туура 6 күн калды. Коомчулукта өлкөдө эмне өзгөрөт жана катардагы жарандардын жашоосу жаңы негизги мыйзамдын кабыл алынышы менен жакшы жакка өзгөрөбү? деген кызуу талкуулар жүрүп жатат. Конституциянын жаңы долбоорунда эмне сунушталганы жөнүндө калкка, анын ичинде жаштарга маалымат берүү максатында Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү адистер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми 5-апрелде эксперттик топ Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин студенттери менен жолугушту.