Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаштардын көз карашындагы референдум

«Биздин өлкө. Биздин Конституция. Биздин чечим.» Өлкө аймагында Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы жана аны колдой турган топтор үгүт иштерин улантып жатышат. Алардын катарында жарандык активист, коомдук ишмер, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, саясат таануучу жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган ыктыярлар бар. Демилгелүү топтордун бири бүгүнкү күндө борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушуп, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп берүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери биринчи жолу мамлекеттик органдардагы кадрларды тандоо комиссиясына киришти. Азыр Мамлекеттик кадр кызматы жана сынактык комиссиянын мүчөлөрү Аймактык кадрлар резервине кабыл алуу үчүн талапкерлер менен маектешүүдө. Маалым болгондой, Аким жана анын орун басары болуу ниетин билдирип, миңге жакын адам арыз таштаган

Электрондук соода тармагында 40 миллиондон ашуун кардары бар Вайлдберриз тутуму аркылуу буюртма бергендердин саны күндөн күнгө өсүп жатат. Буга чейин кыргыз ишкерлери товарларын юридикалык жактардын көмөгү менен экспорттой алышчу. Эми бир айдын ичинде кыргызстандык бизнесмендер түздөн-түз өздөрү катталып, товар жүгүртүүсү 450 млрд долларга жакындаган соода аянтчасында ишмердүүлүгүн жүргүзө баштайт. Мындай меморандум Электрондук коммерция ассоциациясы менен Вайлдберриз компаниясы ортосунда жетишилди. Аталган интернет дүкөнүнө суткасына 11 млн колдонуучу кирип, 1,5 миллиондой буюртма берери белгилүү. ЕАЭБ жана Европа рынокторуна чыгууга жол ачканы жаткан бул эл аралык рынокто Кыргызстандын текстиль, агро өнөр жай продукциялары популярдуу дешет адистер.

Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча кызыл зонага кирди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди. Эпидемиологиялык абалды мониторинг кылууда Кыргызстан «кызыл», «сары» жана «жашыл зоналарга» бөлүнгөн. Учурда борбор калаа «кызыл», Чүй облусу «сары зонага» кирген. Калган алты облус азырынча «жашыл аймак» деп эсептелүүдө. Бектургановдун айтымында, вирустун кайрадан күч алышына бет кап режими менен аралыктын сакталбагандыгы, ошондой эле массалык көңүл ачуучу иш-чаралардын өтүшү себеп болуп жатат.

Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай, тармактын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон, эмгеги сиңген бир катар спорт кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. Салтанаттуу азем Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн.