Шаршемби, 8 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эми импорттоо жана экспорттоо лицензияларын электрондук түрдө алса болот

Эми импорттоого жана экспорттоого лицензияларды электрондук түрдө алууга болот. 16-апрелден баштап «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы пилоттук долбоор старт алганын жарыялады. Долбоордун негизги артыкчылыгы — ишкерлер үчүн колдонуунун жеңилдиги жана убаракерчиликтин жоюлгандыгында.

Колдонуудагы салык кодексинин жаңы редакциясы жазылууда. Толуктоолор ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү максатын көздөйт. Өзгөртүлүп толукталган Салык кодекси, адегенде, коомчулуктун жана бизнес чөйрөнүн талкуусуна коюлат. Ошондой эле жаңы редакциянын үстүнөн иштөөгө атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Акыркы жылдары Кыргызстанда санарип системасынын жардамы менен мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү алдыга жылып жатат. Ар кандай маалым кат жана документтерди алууда кезекке туруп убара болбостон, кызматтарды үйдөн чыкпай алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Ал 20-апрелде 78 жаш курагында оорудан улам көз жумган. Мария Айтматова кыргыз маданиятына жана кинематографиясына зор салым кошкон инсандардын бири. Көп кырдуу талант менен коштошуу зыйнатына кыргыз элинин белгилүү инсандары жана жакын санаалаштары катышты.

Энергетика тармагынын азыркы кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылат. Бүгүн, 21-апрелде, Президент энергетика тармагынын ардагерлери жана адистери менен тармактагы маселелерди талкуулады. Мамлекет башчысы секторго болгон кош көңүл мамиленин натыйжасында энергетикалык компаниялардын карызы 129 миллиард сомду түзгөнүн айтып, оңдолбой калган подстанциялар менен линиялар начар абалга келгенин белгилеген.

Кыргызстанда ири энергетикалык CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында курулуш иштери пландалган мөөнөттө аткарылып жатат. Долбоордун алкагында электр берүү чубалгыларын куруу иштери Баткен облусунда кызуу жүрүүдө. Жалпы жонунан Кыргызстандын аймагынан 455 чакырымдагы электр зымдары өтөт. 2024-жылдын орто ченинен баштап өндүрүлгөн электр энергиясы жайкысын Пакистан жана Афганистанга сатылмакчы. Бул ички керектөөгө эч кандай таасирин тийгизбейт дешет адистер.