Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өзбекстандан 1000 тонна күздүк буудай алынып келет

Заманбап күнөсканалар, окуу борборлору курулуп, ондогон гектар жерге жаңы сорттогу мөмө-жемиштердин көчөттөрү отургузулат. Мындай алгылыктуу иштер айыл чарба жана азык-түлүк жаатында өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз кызматташуунун артынан жүзөгө ашырылууда. Коңшу мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдөөнүн алкагында 24 пункттан турган «жол картасы” иштелип чыкты.

Дүйнөдө пандемия башталгандан бери 147 миллиондон ашуун киши өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келген коронавирусту илештирип алганы ырасталды. 3 миллион 110 миңден ашык бейтап COVID-19дан көз жумду. Ушул тапта Индияда эпидкырдаал өзгөчө курч болууда. Мында ооруканаларда бош орун жана кычкылтек аппараттары жетпей, дарыгерлер бейтаптарды кабыл албай калганы айтылып жатат.

Мамлекеттин дарбазасы чек арадан башталат. Ошондуктан өлкөнүн бекемдиги, бүтүндүгү үчүн эң оболу чектеш өлкөлөр менен болгон чек ара тилкелерин тактап алуу керек дешет эксперттер. Ал эми президент Садыр Жапаров мурунку бийликтин кетирген каталарын кайталабоо аракетин көрүп, элдин оюн эске алуу менен гана бул маселеге чекит коюла турганын убадалайт. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жаралган маселе 20 жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келет.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна унаа сатып алууга 700 миң сом берилди. Тастыктаманы өз колу менен президент тапшырды. Садыр Жапаров бүгүн, 27-апрелде, борбордун тарбиялануучуларынан кабар алып, балдарды коргоо чөйрөсүндө реформалар кандай жүрүп жатканын текшерди.

Чек ара маселесине байланыштуу талаш-тартыштагы аймактар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылында талкууланды. Жерине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барып, маселе өз убагында чечилерин убадалады. Маалыматка ылайык, Ала-Бука аймагынын Кабасай бөлүгү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын тактала элек тилкелеринин бири. Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары 50 гектар жердин берилишине каршы болушкан, андан кийин Өзгөндүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын коргоого чыгышкан. Камчыбек Ташиев митингчилер менен жолугушуп, быйыл мартта Өзбекстан менен кол коюлган протоколду кайра карап чыгууга убада берди.

Чек ара такталбагандыктан, эки элдин ортосунда кагылышуулар болуп келген. Мындан улам Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесин чечүүгө аракеттер жасалууда. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Көк-Серектен 105 гектар, Баястандан 212 гектар, Кара-Белестен 25 гектар, Унгар-Тоодон 35 гектар жана Ак-Таш, Кара-Суудан 100 гектар суулуу жер алынды. Ошентип, Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен 5 чоң тилкенин маселеси чечилди. Жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөн УКМКнын төрагасы чек ара маселеси өзүнүн процедурасы менен чечилерин белгилеп өттү.

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жарандыгын алган адамдар үчүн 60 ID-карт чыгарды. Бүгүн анын 12си Чүй облусунун Жайыл районунда жашаган памирлик кыргыздарга тапшырылды. Ошондой эле, Нарынга Ооганстандан көчүп келген 4 жаран Кыргыз ID-картын алышты. Документтери даяр болгон калган 44 кыргызстандыкка паспорттору жакынкы күндөрү берилет. (1)Буга чейин Президенттин жарлыгына ылайк, 106 этникалык кыргыз өлкөнүн жарандыгына кабыл алынган. Такталган маалыматтар боюнча Кыргызстан эгемендик алгандан бери 75 миңдей этникалык кыргыз өз мекенине кайтып келген. Алардын 65 миңден ашууну Кыргызстандын жарандыгына ээ болсо, 10 минден ашууну паспортко жете албай жүргөн.

Кыргызстандын Эйр Манас авиакомпаниясы жаңы учак сатып алды. Каганат атына ээ болгон заманбап Airbus 220 үлгүсүндөгү учагы жарандардын коопсуздугуна жана талаптарына ылайыкташкан. Компания жаңы учак менен ички каттамдарга улай эле, КМШ жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө учууну пландаштырууда.

«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өлкө жетекчилигинен өздөрүнө жеке менчик фирмаларда эмгектенген айдоочулардыкындай эле бирдей шарт түзүп берүүнү талап кылышууда. Айтымыдарында жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү жеке менчик фирмаларга туш келүүдө. Мунун кесепетинен айлык акы чыкпай, тескерисинче чыгымга дуушар болуп жатышыптыр.

3-майдан баштап Кыргызстандын жарандары жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортторду алуу үчүн документтерин тапшыра алышат. Документтерди кабыл алуу калкты тейлөө борборлорунда гана эмес, республиканын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде дагы жүргүзүлөт.

Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун кызматташуусуна 29 жыл толду. Өлкө уюмга 1992-жылы мүчө болгон. Ушул мезгил аралыгында Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте жакырчылыкка, терроризмге каршы күрөшүп, социалдык маселелерди чечип келет. Уюм Кыргызстанга майыптар үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө жардам берүүгө өзгөчө көңүл бурат. 2019-жылы майыптардын укуктары боюнча конвенция ратификацияланган.

Пандемиядан мурдагыга караганда дагы жакшы жагдай түзүү. Бул принципке ылайык, БУУнун Азия жана Тынч океан боюнча экономикалык жана социалдык комиссиясы пандемия учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгууга ниеттенүүдө. Бүгүн комиссиянын 77-отуруму башталды. Анда Кыргызстандын Президенти сөз сүйлөп COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Азия-Тынч океан регионунда эл аралык соодада олуттуу көйгөйлөргө алып келгендигин белгиледи.