Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана унаанын техпаспорту тиркемеге киргизилет

Кыргызстанда “Санарип документ” мобилдик тиркемеси ишке кирет. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдиргендей тиркемеде ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражатынын техпаспорту болот. “Санарип документ” президенттин жарлыгына ылайык иштелип чыккан. Аны Кыргызстандыктар 1-июлдан баштап колдоно алат. Мамбеталиев мындан тышкары Өкмөт Баткенге Тажикстандын кол салуусунан документтери күйүп же жоголгон жарандарга көмөк көрсөтө турганын кабарлады. Ал үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды.

Абидин. Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон эң жаш кыргызстандык. Арка айылынын жаш тургуну эки айдан соң, 1-июлда болгону беш жашка чыкмак. Бөбөк ок атуу башталган 29-апрелде бир туугандары жана апасы менен тоо тарапка качып баратып, айыл четиндеги каналга жеткенде снаряд жарылып сууга агып кеткен. Лейлек райондук милициясы Абидин Турсунбаевдин өлүмүнүн себептерин териштирип баштады. Ошентип Баткенге кол салуудан жалпысынан 36 мекендешибиз шейит кетти. Жаракат алгандардын саны 200гө чамалады..

Баткендеги уроого учураган үйлөр жана инфратүзүмдүк объектилерди кайрадан калыбына келтирүүгө жардам талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн 3-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен улуттар уюмунуну Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен болгон жолугушууда билдирди. Министр дибломатка чек арадагы окуялардын кесепеттерин санап берген. Мындан тышкары аталган маселе боюнча 30-апрелде БУУнун бир нече мекемесине кайрылганын кабарлады. Казакбаев БУУнун агенттиктери Баткен облусун жаңжалдан кийинки кайрадан калыптандыруу иштерине колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкенин белгиледи. (1)БУУнун тутумунун Туруктуу координатору курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Ал кыргыз тарабынын ок атууну токтотуу жана жаңжалды жөнгө салуудагы аракеттерин кубаттады. Ожиело 3-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Өзгөчө кырдаалдарга реакция жасоону координациялоо тобун жандандыруу өтүнүчү менен кайрылуу келип түшкөнүн жана бул топ учурда ишке киргенин маалымдады. Ал арада Баткенде жабыркаган үйлөрү мамлекет тарабынанан ондоп курулаары маалым болду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анда Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтириле турганы кабарланат.

Күн мурун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунда протоколго кол коюлганы белгилүү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, протоколдо белгиленген тынчтыкты орнотуунун ыкмаларында, чек ара тилкелеринен толугу менен оор техникаларды, чек арачыларга тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып кетүү тууралуу жазылган. Ал эми атайын түзүлгөн комиссия булардын аткарылышын ишке ашырмакчы.

Саналуу күндөн кийин Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Баш мыйзамынын кабыл алынгандыгына туура 28 жыл болот. Бул убакыт аралыгында мамлекеттин негизги делген документи он чакты жолу өзгөртүлүп, толукталган. Өткөн жылы демилгечи депутаттар сунуштаган негизги мыйзамдын жаңы долбоору Конституциялык кеңешме тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрулуп, буткүл элдик добуш берүүгө чыгарылганы белгилүү. БШКнын маалыматы боюнча, референдумга добуш берчү жарандардын 13 пайызы каршы, 79 пайызы жаңы Баш мыйзамды колдой тургандыктарын билдиришкен.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кырдаалга ошол маалда бүт дүйнө көз салып турду. Кыргыз эли ынтымактуу, биримдиктүү эл экенин мамлекеттин башына кыйынчылык түшкөндө ар дайым далилденип келет. Бул ирет да кыргызстандыктар бул асыл сапаттарын сактап калганын көргөздү. Өлкөнүн булуң-бурчунда кайдыгер карабаган калың эл, Баткен жергесине азык-түлүк, төшөнчүдөн тарта акчалай жардамдарын көрсөтүүнү үзгүлтүксүз улантышууда. Чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктар болсо, тынчтык митингдерин өткөрүп, ошол кезде тажик тараптын куралдуу кол салуусуна көңүл буруу өтүнүчү менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылышууда.