Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жапаровдун жарлыктарынын каатчылыкты жоюудагы ролу

Кыргызстан Президенттик республика! Өлкдө жаңы Баш мыйзамга кол коюлуп, Президенттик башкаруу системасында жашап жатканыбызга бир аптадан ашты. Ал эми алтынчы ажонун кызматка киришкенине 4 айдын жүзү боло элек. Октябрь окуяларынан соң элдин колдоосун тапкан Жапаровдун ар бир кадамына азыр коомчулук тыкыр көз салып турат. Президенттин мамлекетти каатчылыктан чыгаруу аракеттерине адистер кандай баа берүүдө? Кесиптешим Айьза Камчыбекова сураштырды.

Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү Кыргыз тараптын макулдугусуз эле 33 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Бул тууралуу “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди. Комиссия министрлер кабинетине кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну, «Кумтөр Голд компани» ишканасын убактылуу сырттан башкаруу маселесин карап чыгууну сунуштоодо.

Эми өлкөнүн жети дубанында «Алтын түйүн» инженердик-техникалык балдар академиясынын филиалдары ачылышы мүмкүн. Садыр Жапаров 12-майда окуу жайга барганда бул маселени иштеп чыгууну тапшырды. Мындан 60 жыл мурда негизделген академияда балдар робот техникасы, информатика, көркөм сүрөт, 3D моделдөө, астрономия жана башка тармактарда билим алышат. Тарбиялануучулар окуу менен гана тим болбостон спорт жана руханий-маданий жактан дагы сабак алышат.

Баткендиктерге жардам уланууда! Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 2 миллион сомго жакын акча чогулду. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри учурда жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

Шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо кайрадан өткөрүлүшү толук мүмкүн. Буга чейин Токмоктогу шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылса, эми Ош шаарындагы 27 добушкананын жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов айтып, элдин талабын эске алуу менен бир топ мыйзам бузуулар аныкталганын кошумчалады.

Кыргызстанда ата-энесинен ажыраган балдарды багып жаткан 60 фостердик үй-бүлө бар. Былтыр кабыл алынган “Турмуштук оор кырдаалдагы балага үй-бүлө” аттуу жобого ылайык, баланы багып алуучу үй-бүлөлөргө төлөнүүчү акынын көлөмү мурдагыдан эки эсе жогорулаган. Анткени буга чейин эмгек акы бир балага деп төлөнсө, эми балдардын санына жана жашына жараша төлөнөт.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагында 14 миңге чукул дарыгер, 25 миңден ашуун медайым эмгектенет. Ак халатчандар күнү-түнү дебей, эң башкы баалуулук болгон адам өмүрүнүн сакчылыгында турушат. Бүгүн, 12-май – медайымдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул датаны белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Мээрман айымдардын кызматы биринчи жолу англиялык Флоренс Найнтингейл айым тарабынан Крым согушу учурунда колдонулган. Кыргызстанда бул кесиптик майрам 1993-жылдан бери белгиленип келет.