Шаршемби, 1 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Парламент «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүнү колдоду

Тажикстан менен чек арадагы жаңжал Кыргызстанда гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бирок, эксперттер азыр бул маселени артка жылдырууга болбой турганын айтышат. Ушуга байланыштуу, эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө топтолгон көйгөйлөрдү талкуулашты.

Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр менен саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөнү улантууда. Бишкек Венгрия менен билим берүү жаатында кызматташтыкты арттырып, Түркия менен маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүүдө. Кошуна Казакстан жана Өзбекстан менен өлкө кызматташтыктын жаңы барагын ачып, ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат.

Мамлекет башчысынын колунан «Эне даңкы» медалын алам деп турган Жамиля Кенжебаева 6 баланын сүйүктүү энеси. Жамиля айым кесиби боюнча дарыгер. Ал жумуш менен бирге балдарына татыктуу тарбия берип, аларды эрезеге жеткирген . Азыр ал чүрпөлөрүнүн камкор апасы, жолдошунун сыймыктуу жубайы. Эске салсам, Президент кол койгон жарлыктарга ылайык өлкө боюнча 819 эне “Баатыр эне” ордени, ал эми 516 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жер реформасын жүргүзүү жана жер ресурстарын модернизациялоо талап кылынат. Бул тууралуу мамлекет башчысы да өз кайрылуусунда белгилеген. Союз тараган жылдардан бери азыркы күнгө чейин иштетилип жаткан жердин түрү боюнча так маалымат жок.

Президент Садыр Жапаров алты өлкөнүн атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Өлкө башчысы элчилер менен жолугушууда Кыргызстан менен өлкөлөрдүн ортосундагы мындан аркы кызматташуу, актуалдуу маселелер жана негизги багыттар тууралуу сүйлөшүштү. Элчилер дагы өз кезегинде Кыргызстан менен мамилени чыңдоого, эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүүгө болгон бардык аракеттерин көрө тургандыктарын билдиришти.