Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

#АКЦЕНТ / Кумтөр кенин улутташтырууга кимдер каршы?

Ички иштерминистрлиги жана Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитети “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандыны издөө иштерин улантууда. Маалыматка ылайык, ал акыркы жолу 31-майда кечке маал үй-бүлөсүнө байланышка чыккан. Аталган окуя боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү тапшырды. (1)Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев тергөө жана ыкчам бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен бирге “Сапат” мектептеринин мугалимдери жана окуучулардын ата-энелеринен турган митингге чыккандардын тобун кабыл алды.
Жолугушууга катышкан жарандар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, Орхан Инандынын жакын арада табылыша ишенимин билдиришти.

Бишкекте эл ташыган маршруттардын айдоочулары жыл башынан бери экинчи ирет кайрадан иш ташташты. Буга чейин алар январь айында да тарифти 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан. Мындан улам шаарда автобус жана троллейбустар гана каттамга чыкты. Ал арада муниципалитет жүргүнчү ташуучу фирмалар ишти калыбына келтирүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, маселе чечилип калаарын билдирди. (1)Муну менен катар жол киреге байланышкан токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешке киргизелери маалым болду. Ал үчүн депутаттар кезексиз жыйынга чогулушу керек.

Кылмыш-жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөр кирет. Ал жөнөкөй жарандардын жана адистердин сунуштарын эске алуу менен гана ишке ашырылат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорлору сунушталган тегерек столдо билдирди. Жыйында Башкы прокурор соттук-укуктук реформанын алкагында жазык-сот системасында олуттуу жетишкендиктер болгонун, бирок ошол эле учурда кемчиликтер да бар экенине токтолду. Башкы көзөмөлдөөчү орган кандай өзгөрүүлөрдү жасоону көздөп жатат?

Бишкек, Ош жана Токмок шаардындагы 326 шайлоо тилкесинде шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөрүлөт. Аталган шаарларда өнөктүккө катышууну каалаган саясий партиялар 13-июнга чейин каттоодон өтүшү керек. Эксперттер бул БШКнын аракети өнөктүк таза өтүшү үчүн шайлоочуларга да, шайлана тургандарга да чоң сабак дешет.

Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов мамлекеттин, элдин келечегин ойлогон инсандардын бири. Анын басып өткөн жолу, өмүрү, тагдыры учурдагы жаштар үчүн өрнөк болуп эсептелет. Бүгүн тарыхчылардын, мамлекеттик ишмерлердин жана студенттердин катышуусунда “Жусуп Абдрахманов Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. (2)Анда анын мамлекеттик жана саясий ишмердүүлүгү жөнүндө жаңы тарыхый фактыларды ачып берүү, өткөн кылымдын 20-30-жылдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу мезгилиндеги кыргыз интеллигенциясынын, саясий элитасынын, мамлекеттик ишмерлеринин калыптанышынын өзгөчөлүктөрүн талдоо болду.