Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

#АКЦЕНТ: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

2009-жылдагы Кумтөр долбоору боюнча келишимде «Кумтөр голд» компаниясынын салыкты төлөй тургандыгы жана экологияны бузбай тургандыгы белгиленген. Бирок ага карабастан, мамлекетке салык төгүмдөрү толук түшкөн эмес. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, ошондой эле мөңгүлөргө зыян келтирилип, долбоордо каралган талаптар унутта калган. Бүгүн Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучулары жана студенттери менен жолукканда Жапаров мамлекеттик комиссиянын иши, деги эле Кумтөрдүн айланасындагы маселелер тууралуу эмнелерди айтып берди?

ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору аркылуу 50дөй айыл жана шаар жетекчилерине аймактарды өнүктүрүү багытында кеңештер берилип келет. Аныны алкагында бүгүн баш калаада бешинчи аймактык форум болуп өттү. Анда аталган долбоордун натыйжалары талкууланды. Уюмдун кеңешин алган жергиликтүү бийликтегилер таза суу, жер иштетүү, каражатты үнөмдүү пайдалануу өңдүү багыттарда натыйжа көрсөтүшкөн.

«Smart Salym» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу. Бүгүн мамлекеттик салык кызматы тегерек стол өткөрүп, ага аталган кызматтын жетекчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматынын өкүлдөрү жетишкендиктер жана алдыдагы пландар менен бөлүшүштү.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Далбаевдердин үй-бүлөсүнөн белек. Ата-Түрк сейил багына Сатыбалды агайдын жаркын элесине арналган үстү жабык секиче орнотулду. Бул жерде эл артисти ар-дайым табигатка суктанып убакыт өткөрүүнү жакшы көрөр эле деп эскеришти анын жакындары.

Кыргызстан тажик тараптан Чоң-Алайдын Унжу-Булак жергесине орнотулган контейнерди бузууну, аскерлерди жана аскердик техниканы алып кетүүнү талап кылды. Бүгүн Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине Тышкы иштер министрлигинин нааразычылык нотасы тапшырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. «Тажик элчисине чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын деңгээлинде жетишилген келишимдерди, андан тышкары 1-майдагы коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунун протоколун бузуу менен эки өлкөнүн чек араларындагы абалды курчутууга алып келүүчү кезектеги чагымчылдык аракеттерди көрүп жатканы көрсөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта. (1)Эскерте кетсек, 4-июнга караган түнү саат 3төр чамасында тажик тарап Чоң-Алайдагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди койгон. Буга байланыштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациясынын жетекчиси болуп эсептелген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жерге жөнөп кеткен. Аймакка барган Атайын кызматтын жетекчиси Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен байланышкандыгын, анын келери күтүлүп жаткандыгын маалымдаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Чоң-Алай районуна жөнөп кетти. Атайын кызматтын башчысы менен биргеликте чек ара маселеси боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев жүргөнүн Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай Тажикстандын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен 4-июнда таңкы саат 03.00дө Кыргызстандын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орноткон. Муну менен тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда, бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт -деп айтылган Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде абал оор экенин УКМКнын Чек ара кызматы билдирүүдө.