Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстандын желегин Эверестте желбиреткен Эдуард Кубатов мекенине кайтып келди

Эверестти багындырган Эдуард Кубатов 5-июнда Бишкекке кайтып келди. Аэропорттон аны үй-бүлөсү, достору, Мамлекеттик спорт агенттигинин өкүлдөрү жана журналисттер тосуп алышты.

Быйыл Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда январдан март айына чейин товар алмашуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 43 пайызга өскөн. Бул албетте, экспорт менен импорттун көлөмүнүн жогорулап жатканынан кабар берет. Мындан ары да кыргыз-түрк кызматташтыгын ар тараптуу кеңейтүү, өзгөчө экономикалык жактан алгылыктуу келишимдерди ишке ашыруу мерчемделүүдө. Адистердин баамында, өлкөгө инвестиция тартууга далалат жасоо, аларга шарт түзүүгө маани берүү зарыл.

Көгүлтүр көлдө эс алуу стресске кабылган балдарга дары болуп берет. Алдыдагы 10 күн бою Баткен облусунун балдары жана мугалимдери Ысык-Көлдүн жээгинде болушат. Эс алуу маалында алар менен психологдор жана аниматорлор иштешмекчи. Ошондой эле искусство ишмерлери тартылган атайын маданий программалар да уюштурулат.

Бүгүн өлкө аймагы боюнча 11 шаардын мэрлери шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалым болгондой, буга чейин Кемин жана Орловка шаарларынын башчылары шайланып, алар мыйзамдуу ишине киришкен. Калган 12 шаардын мэрлерин шайлоо жер-жерлердеги аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын алгачкы Энциклопедиясы жарык көрдү. Мамлекеттик жана расмий тилде басылып чыккан энциклопедияда Кыргызстандын финансылык рыногунун калыптанышы тууралуу бирдиктүү маалымат, кызматтын өнүгүү тарыхы, учурдагы ишмердүүлүгү жана стратегиялык пландары камтылган. Андан сырткары ата мекендик финансы рыногунун түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон экономисттердин эмгек жолдору чагылдырылган.

Кыргызстандын энергетика тармагы оор абалда. Адистер аны алдыга жылдырүү үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу керек дешет. Мындан улам Кыргызстандын «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» жакынкы 4 жылда 110-500 кВ тармактарын курууга, реконструкциялоого жана модернизациялоого 8 млрд сом инвестиция салууну пландап жатат.

Президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйында Кеңештин алдында турган милдеттер каралып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланды. Өлкө башчысы соттук реформа натыйжалуу ишке ашышы үчүн, биринчи кезекте, соттор өздөрү тазаланышы керек экенин, ошондо гана реформаны ишке ашыруу мүмкүн болорун билдирди.