Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эксклюзивдүү жаңы формат. “Пирамида” Медиахолдинги менен “TÜRKEL” медиакомпаниясынын кызматташуусу уланууда

“Пирамида” телеканалы менен эл аралык “TÜRKEL” медиакомпаниясынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга 2019-жылы кол коюлган. Ошол убакыттан бери эки уюмдун ортосундагы байланыш жигердүү уланууда. Тараптардын макулдашуусунун алкагында, телекөрсөтүүлөрдүн эксклюзивдүү жаңы форматы түзүлдү.

Коронавирус пандемиясы бир топ тармактардын ишине өз таасирин тийгизди. Алардын бири – мектептерде жана университеттерде билим берүүнүн онлайн форматта өтүшү. Өлкө боюнча быйыл 43 миңден ашык абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөн. Эми алар келечекте ээ боло турчу кесибин тандоонун алдында турушат. Адистер кесип тандоодо ар бир бала өзүнүн шыгына, жөндөмдүүлүгүнө карап окууну сунушташат. Ал эми ата-энелерди балдарын мажбурлап кайсы бир кесиптин ээси бол дегенден алыс болууга чакырышат.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда ар улуттан куралган миңдеген кыргызстандык жашайт. Алар улутуна, динине, тилине карабай, көп улуттуу калктын биримдигин бекемдөөгө кошкон салымдары чоң. 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган «Кыргыз жараны» концепциясынын алкагында өлкөдөгү этностордун биримдиги мындан ары да бекемделип, көп түрдүүлүктү урматтоого, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, бийлик органдарына ишенимди жогорулатууга багытталган иш-чаралардын долбоору иштелип чыкты. Учурда ал тиешелүү мамлекеттик органдарда макулдашууда турат. «Кыргыз жараны» түшүнүгү жөнүндө коомчулукту кабардар кылуу максатында ушу тапта аймактарда жолугушуулар уюштурулууда.

Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр менен саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөнү улантууда. Алардын ичинен өзгөчө түрк тилдүү мамлекеттер менен бир катар тармактар боюнча алакалар түзүлгөн. Алсак, Түркия менен маданий-гуманитардык, саламаттык сактоо, айыл чарба жана билим берүү тармагында кызматташтык кеңейүүдө. Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө отуз жыл толду.

“Кепилдик фонду” ачык акционердик коому быйыл айыл чарба жана туризм багытындагы ишкерликти колдойт. Бул тууралуу фонддун төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Белгилүү болгондой, жакынкы 2-3 айда фонд ишкерлерге 450 миллион сомго кепилдиктерди берет. Учурда буга чейин кепилденген насыя алгандар алгачкы үзүрүн көрүп жатышат.

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Түркиянын борбору — Анкара шаарына учуп барды. Мамлекет башчы менен жубайы Айгүл Жапарованы “Эсенбога” эл аралык аэропортунда Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды. Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген. Расмий иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан сырткары Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес форумуна катышат. Ошондой эле Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашат.