Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

COVID-19: Францияда карантин чаралары күчөтүлгөнү менен кафе-ресторандардын иштөөсүнө уруксат берилди

Францияда карантин чаралары күчөтүлгөнү менен кафе-ресторан жана спорттук залдардын иштөөсүнө уруксат берилди. Мындай көрүнүш Ирландияда дагы орун алды. Бул учурда Испанияда COVIDге байланыштуу санитардык талондор бериле баштады. Анын жардамы менен адамдар коронавирус тууралуу бардык маалыматты жанында алып жүрө алышат. Ал эми Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө жаш балдарды эмдөө башталды.

Садыр Жапаровдун президент катары Түркияга болгон алгачкы расмий иш сапары аяктады. Түркиянын лидери менен жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган жаңы кадамдарга даяр экендигин баса белгиледи. Мындан тышкары, мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Жакын арада Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат. Мындан ары да мекендештер көп жашаган райондордо дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер улантылмакчы. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында мекендештер менен жолукканда билдирди. Мамлекет башчысы Түркияда иштеп, билим алып жүргөн кыргызстандыктар менен ачык-айкын сүйлөшүп, алардын суроолоруна да жооп бергенге жетишти. Ошондой эле Президент Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин, бул эмгек мигранттарынын бир катар маселелерин ыкчам чечүүгө жардам берерин айтты.

Келерки жумада Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачыларга аскердик шаарча курула баштайт. Бүгүнкү күндө шаарчага бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо иши күчүндө. Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңеши Лейлек районуна аскер шаарчасын куруу чечимин 2019-жылдын июль айында чыгарган. Ушул жылдын 6-майында президент Садыр Жапаров жаңы объекттин курулушуна капсула салып, чек ара маселелери анын ишиндеги эң жогорку приоритеттердин бири экендигин белгилеген.

Соңку убакта өлкө аймагында сууга чөгүү фактылары көп катталууда. Жыл башынан бери 44 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын 12си – өспүрүм балдар. Андыктан, куткаруучулар менен тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзө баштады. 11-майда ӨКМдин кызматкерлери борбор калаадагы көлмөлөрдө, сууга түшүүчү жайларда эс алып жүргөн жарандарга кырсыкты алдын алуу, балдарды кароосуз калтырбоо, сууга түшүүнүн эрежелерин так сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн башкы милдети — адам өмүрүн сактап калуу. Буга ылайык ар бир куткаруучу ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуусу шарт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын өздүк курамга кышкы жана жайкы окууларды ошондой эле, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча машыгууларды өткөрүп турат. Мындай машыгуулар өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жана иш тажрыйбасын жогорулатууга шарт түзөт. (2)Бүгүн борбор калаада өрткө каршы кызматынын кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке катышкан ар бир команда күжүрмөн даярдыгын көрсөттү. Мыктылары акчалай жана министрликтин грамоталары менен сыйланышты.

Кыргызстандын аймагына кире турган чет элдик жарандар, анын ичинде туристтер атайын бекитилген алгоритмдин эережелерине баш ийиши керек. Ага ылайык, алардын колунда ПЧР тестинин корутундусун же вакцина алгандыгын далилдеген кагаз болушу зарыл. Мындай талап тийиштүү макмлекеттик органдардын биргелешкен буйругунда көрсөтүлдү. (2)Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн туристтер болобу, ишкерби же жөнөкөй кыргызстандыктарбы дарыгерлер сунуштаган санитардык эрежелерди так сакташы кажет. Анткени күндөн күнгө инфекция жугузгандар көп катталып жатат. Акыркы эки суткада эле вируска кабылгандардын саны 400дөн ылдыйлай элек.

Калк арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, жарандардын коопсуздугу жана алардын маалыматтарын коргоо үчүн заманбап техникалык чечимдерди колдонуу зарыл. Ушул жана башка актуалдуу маселелерди чечүү “Кыргызстандын санарип экономикасы 2021-2023” концепциясында камтылган. Бул концепсиянын бет ачарынан Алина Бактыбекова сөз кылат.