Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ЫСЫК-КӨЛДҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ ЖАКШЫРАТ

Ысык-Көл облусунда көл жээгинде жайгашкан пансионат жана башка имараттардын саркынды сууларды тазалоочу жайларын оңдоп, жаңыларын куруу мерчемделүүдө. Тийиштүү программаны жакында түзүлгөн Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети иштеп чыгууда. Мекеменин төрайымы Динара Кутманова маегинде билдиргендей саркынды сууларды тазалоочу жайлар жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен курулат.

Президент эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай маданият өкүлдөрүн гана эмес медицина кызматкерлерин да сыйлады. Сыйлык ээлеринин арасында эмгегинен баар тапкан дарыгер Саадат Арстанбекова да бар. Анын түйшүктүү иши бааланып “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы ыйгарылды. 36 жылдык тажрыйбасы бар ден соолук сакчысы азыркы күндө Бишкек шаарындагы №14 үй-бүлөлүк медицина борборун жетектеп келет.

Пробация департаментинин түзүлгөнүнө туура эки жыл. Кыска убакыт аралыгында департаменттин адистери он миңдеген жарандардын жашоосун туура нукка буруп кетүүгө көмөктөшө алды. Башкача айтканда, сот тарабынан оор эмес кылмыш жасаган жарандарга карата жазалардын гумандуу түрлөрү колдонулду.

Элдик, лирикалык жана дүйнөлүк ырлардын аткаруучусу, алтын үндүү Анарбек Ибраев III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланат. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарым кылымдан ашык убакыттан бери өзүнүн таланты менен жумурай журтка кызмат кылып келген эл артисти бул кабарды жылуу кабыл алганын айтып, ыраазычылыгын жашырган жок.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн Манас айтып рекорд коюуга талпынып жаткан кезде, Түрк боордошторубуз Анкара шаарында Манас Бабабыздын эстелигин орнотуп, 2 ири имаратын өлкөбүздүн желеги менен кооздоду. Бул иш-чаралар, албетте, чет жердеги мекендештерибиздин, ошондой эле боордош элдерибиздин Эгемендүү мамлекет болгонубуздун 30 жылдыгына арналган белеги болду.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды жогорулатуу, вируска каршы препараттарды жана вакциналарды сатып алуу. Мунун баарын салык жана бажы мыйзам бузууларын алдын алуу, тоо -кен тармагын улуттук кызыкчылыктарга ылайык пайдалануунун аркасында жүзөөгө ашырылды. Жыйынтыгында, 7 айдын ичинде гана мамлекеттик казынага кошумча 12 миллиард сомду чогултууга мүмкүн болду. Ал эми алдыда бизнеске салыктык жеңилдиктерди берүү каралууда. Салык саясатындагы өзгөрүүлөр өлкө экономикасына кандай тааасирин тийгизет?