Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«ТҮШТҮК 2021»: ЭЛДИН ЧУКУЛ КЫРДААЛГА ДАЯРДЫГЫ

Ал арада күн мурун Баткен жана Ош облустарында “Түштүк 2021” аскердик машыгуулары башталып, анын ачылышы Баткен шаарында болуп өттү. Аталган иш-чаралар 2-сентябрдан 4үнө чейин созулат. Аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, чек ара аймактарында жашаган элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү максатын көздөгөн иш-чарага Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери жана 1 жарым миңге жакын жаран катышууда.

Бүгүн парламенттик шайлоого катышуучу партиялардан билдирме алуу аяктады. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирмеси 13-октябрга чейин кабыл алынат. Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат.

Кыргызстандын жаңы кабыл алынган баш мыйзамына ылайык, айрым ченемдик актыларда инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат. Бүгүн борбор калаада Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокатуранын ишмердүүлүгү, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү үч мыйзамдагы айрым карама-каршы учурлар талкууланды. Аянтчага Юстиция министрлигинин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чогулду.

Аналогу жок жаңы колдонмо! Кыргызстандык IT адистер биринчилерден болуп, дүйнөдө жок социалдык жана соода тармагын өнүктүрүүчү — «apOfiz» програмасын иштеп чыгышты. Интернет желесинде пайда болгон бул программа ишкерликти өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жардам берет. Жаңы платформанын башкалардан айырмасын?

Өкмөт Өлкөбүздүн шартын эске алып, Кыргызстандын аймагында эл аралык аэропорттордун мультимодалдык жүк ташуучу авиахабдарды түзүү аракетин көрүп жатат. Муну менен катар индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди куруу мерчемделүүдө. Авиахаб жергиликтүү ишкерлерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет? Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өз салымын кошо алабы?

:Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин! Бүгүн борбор калаада коомдук ишмер, журналист, жазуучу жана котормочу Тургунбек Суванбердиев эскерилди. Залкар инсан көзү тирүү болгондо быйыл жүзгө чыкмак.

Кыргызстанда пенсия жана жөлөк пулдардын өлчөмү жогорулады. Мамлекет башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө 2021-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жүргүзүлмөкчү. Анда пенсияга 200 сомдон 500 сомго чейин кошулат. Ал эми Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, ай сайын берилчү жөлөк пулдардын өлчөмү октябрдан тарта 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан баштап 100 пайызга жогорулайт.

Бишкекте “Акыркы көч” кинотасманын улуттук бетачары өттү. Дүйнөлүк бир катар фестивалдардын байгесин алып келген тасма бүгүндөн тарта Кыргызстанда кинопрокатка чыкты. Режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан тасмада башкы каарман улгайган жазуучунун өмүрүндөгү соңку күндөрү чагылдырылган. Көркөм фильмдин жаратуучулары бул эмгеги менен көрүүчүлөргө эмнени айткысы келген?

«Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясына «улуттук» статусу ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Макам мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо олуттуу салым кошкондугу үчүн берилди. Эми Министрлер кабинетинин тийиштүү чечимдеринен соң окуу жайдын негизги жана техникалык кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт.

АКШда 16 жылдан кийин кайталанган бороон-чапкын бир адамдын өмүрүн алып, табият кырсыгынан имараттар талкаланды. Азербайжанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы чектөөлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, 18 жаштан жогорку жарандар коомдук тамактануучу жайларга, мейманканаларга жана ири соода борборлоруна атайын паспорт менен гана бара алышат.

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын көбөйүшүнө айдоочулардын жоопкерсиздиги жана шалаакылыгы себеп болууда. Мындай пикирлер бүгүн Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши тарабынан уюштурулган жыйында айтылды. Анда катышуучулар тарабынан айдоочуларды окуткан автомектептердин программаларынан баштап, талапка ылайык иш алып баруусун тыкыр көзөмөлдөө керектиги белгиленди.

Кыргызстанда 7 жарым миңдей Пакистандык жаранга 30 күндүк виза берилген. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Турист катары келген башка өлкөнүн жарандары, укук коргоо органдарынын жана тийиштүү мамлекеттик кызматтардын тыкыр көзөмөлүндө турат.