Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КР МЫЙЗАМДАРЫН ИНВЕНТАРИЗАЦИЯЛОО

Мамлекеттин казынасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Турукташтыруу фонду түзүлдү. Экономика жана финансы министрлиги бул фондуга жок эле дегенде 17 миллиард сом топтоп, каржылык ар кандай кырдаалдарда колдонууну максат кылууда. Длбоорду ишке ашыруу үчүн аткаруу бийлиги кандай аракеттерди көрүүдө?

Чыгарылышты Казандан келген спорт жаңылыктары менен жыйынтыктасак. Нурманбет Раймалы уулу КМШ оюндарында бел боо күрөшү боюнча алтын медалга ээ болду! Буга чейин Кыргызстандын капчыгына оюндардагы алгачкы алтынды Калмира Билимбекова алып келген. Ал Кыргызстандык спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча 55 кг салмакта күч сынашты. Казан шаарында өтүп жаткан I КМШ оюндарында Кыргыз спортчулары 27 медаль жеңип алды. Анын экөө алтын, 9у күмүш, 16сы коло.

Тышкы иштер министрлиги Пакистан, Индия жана башка бир катар өлкөлөрдүн жарандарына туристтик визаны берүүнү токтотту. Бул тууралуу аталган министрлик атайын билдирүү тараткан. Бул социалдык тармактарда өлкө аймагында аталган өлкөнүн жарандары көбөйүп кетти деген талкуу күчөп, эл арасында кооптонуу жарлган учурга дал келди. Бирок укук коргоо органдары эч кандай кооптонууга негиз жок экендигин аталган өлкөлөрдөн келген жарандар туристтер жана Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө учууну палндаган эмгек мигранттары экендигин айтышууда.

4 тилке, туурасы 17 жарым метр, эки катмар асфальт, анын бири немис технологиясы менен, жалпы узундугу 140 чакырым. Дал ушундай трасса Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда салына баштады. Мамлекеттик бюджеттен 20 миллион доллар бөлүнгөн долбоордун алгачкы 25 чакырымы бул жылы аяктаганы турат. Жол курууда кандай жаңы технологиялар колдонулуп жатат? Аны менен бирге кандай кыйынчылыктар жаралууда?

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия” жөнүндөгү жарлыгына ылайык, “Тарых маданият жана ынтымак кербени 2021” долбоорунун биринчи сезону жыйынтыкталды. Финалдык кече Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда белгиленди.

Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап калыңыз! Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурган COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү башталды. Акцияда үй-бүлөлүк медицина тобунун кызматкерлери, жарандарга эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкекте өткөн дем алыш күндөрү АИ-92 бензинин баасы 57 сомго жетти. Дизелдин наркы 51 сомдун тегерегинде. Ал эми суюлтулган газ 32 сомдон сатылууда. Нефтетрейдерлер ассоциациясы кийинки айларда күйүүчү-майлоочу майларга баалар кескин жогорулабай тургандыгын айтууда. Дүйнөдө баалардын тез өсүшүнө карабай, ички рыноктогу баалар бир аз да болсо турукташып калды дешет адистер.