Шаршемби, 8 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Үч улуттун кубогу: Кыргызстан — Бангладеш 4-1

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы “Үч улуттун кубогунун жеңүүчүлөрү аталышты. 4-1 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилген Бангладештин курамасы менен болгон оюнга Президент Садыр жапаров дагы күбө болду. Демейдегиден өзгөчө жана романтикалуу өткөн

15-сентябрда өлкө аймагы боюнча 2 миң 296 орто мектеп окуучулар үчүн эшигин ачат. Бир миллион 400 миңге жакын окуучу салттуу түрдө сабакка бара баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-2022 жаңы окуу жылына 160 миңдей бала биринчи класстын босогосун аттайт.

Жогорку аттестациялык комиссиясы мындан ары “улуттук” деген макамды алып жүрөт. Мурда бул комиссия Билим берүү жана илим министрлигине карачу. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен, Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы болуп өзгөртүлдү. Кыргызстанда 28 жылдан бери иштеп келе жаткан комиссия, илимдин кандидаттарына жана илимдин докторлоруна окумуштуулук даражаларын ыйгарчу жападан-жалгыз орган. Президенттин карамагына өтүшү жоопкерчиликти жана көзөмөлдү күчөтүп, окумуштуулардын сапатын жогорулатканга шарт түзөбү?

Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо алкагында 365 мыйзам кайра кароого сунушталды. Бул тууралуу ведомстволор аралык эксперттик топтун отурумунда белгилүү болду. Мыйзамдар адистердин тандоосунан өткөн соң Парламентке жөнөтүлүп эл өкүлдөрүнүн сынына коюлат. Мындай масштабдуу иш-чара, мыйзамдык базаны, жаңы кабыл алынган өлкө конституциясына шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлүп жатат.

Аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн жаңы иш баштап жаткандарга, көбүнчө жабдуу же башка каражат түрүндөгү колдоо жана баштапкы капитал керектелет. Аймактардагы ишкер, дыйкандардын талыкпаган эмгегинин жемиши биринчи кезекте коңшуларга, ошондой эле бүтүндөй республикага пайда алып келет. Макмал Голд Компани компаниясы өз ишмердүүлүгүнүн алкагында 100 үй-бүлөнү эң мыкты теги бар аары челектери менен камсыздап, андан сырткары мал союучу жайдын курулушун аяктап жатат. Ошондой эле ар кандай долбоорлордун курулушуна керектелүүчү бетон өндүрүү менен да алектенет.

Өрттөн улам, жаңы салынган үйү күйүп кеткен Абдусалямовдордун үй-бүлөсүнө мамлекеттик камсыздандыруу уюму 310 миң сом акча каражатын тапшырды. Үй-бүлө көп жылдан бери турак жайын камсыздандырып келген. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2016-жылдан бери иш алып барып келет. Бүгүнкү күнгө чейин 600 гө жакын жаранга 47 миллион сомдон ашык акча каражаты төлөнүп берилген.

Кышка болгон камылга кечеңдөөдөбү? Көмүр тартыш болобу? Анын баасы кандай болот? Мына ушул суроолор жыл сайын кыш мезгили жакындаганда коомчулуктун көңүл чордонуна кептелет. Бул жыл дагы өзгөчөлөнгөн жок. Анткени, бир нече күн мурда калк арасында, социалдык тармактарда көмүрдүн запасы жок экени, жылытуу сезонуна даярдык көрүлбөй жатканы тууралуу талкуу жүрүп кеткен. Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт дегени сыңары, калктын кооптонуусунда жөн барбы? Же, кооптонууга негиз жокпу? Кесиптешим чоо-жайын билип көрдү…