Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бензиндин наркын арзандатуу аракети

Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайызын Россиядан импорттойт. Жылына пошлинасыз 460 миң тонна алынып келинет, ал эми мамлекетибиздин керектөөсү дээрлик 2 жарым эсеге көбүрөөк. Бул себептен Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Россия тарап менен пошлинасыз бензин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштады.

Касым Тыныстанов — Кыргызстандын республика катары калыптанышына салым кошкон мамлекеттик ишмерлердин сап башында турат. Тарыхчылар илимпоздун эмгеги убагында бааланбаса да, бүгүн ал эл баатыры аталып, өсүп келе жаткан жаш муун үчүн үлгүлүү инсанга айланды деп эсептешет.

Чолпон-Ата шаарындагы “Ден соолук” медициналык-реабилитациялык комплексинде 20 орундуу Инновациялык кардиохирургия борбору толугу менен жабдылып, пайдаланууга берилди. Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунун дарыгерлери жаңы бөлүмдө жүрөк кемтиги менен ооруган балага акысыз операция жасашты. Эске салсак, көп жылдан бери кароосуз калган реабилитациялык борборго мамлекет башчысы март айында барып, республиканын алыскы аймактарынан келген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого багытталган комплексти капиталдык реконструкциялоону тапшырган. Ушу тапта борбордун башка блокторунда да оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Айыл-чарба багытындагы ар бир суроого эми онлайн жооп алсаңыз болот. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги «Дыйкан Дос» телеграмм каналын ишке киргизип, бүгүнкү күндө өлкө аймагынын бардык жеринен дыйкандар суроолоруна жооп алып жатышат.

Быйылкы жылга өлкө аймагы боюнча 37 билим берүү мекемесин куруу планга киргизилген. Анын ичинен 27 обьектинин курулушу бүткөрүлдү. Калган 10 имарат жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү. Социалдык объектилер кайсы каражаттарга курлууда? жаңы имарттардын сапаты талапка жооп береби?

16-сентябрдан баштап ипотекалык жол менен турак-жай алам деген жарандар үчүн “Менин үйүм 2021-2026 программасы старт алат. Жаңы программанын негизги өзгөчөлүктөрү жылдык пайыздык чендин азайганы, төлөөнүн убактысынын 25 жылга чейин узартылышы. Мындан тышкары жеке компанияларда иштегендер үчүн дагы мүмкүнчүлүк түзүлүп, баштапкы төлөмсүз дагы турак-жай алуу мүмкүнчүлүгү жаралууда.

Уставдык капиталы 16 миллион АКШ долларын түзгөн Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Венгрия бул каражатты 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу тармактарында өзүн-өзү актаган долбоорлорду каржылашы күтүлөт. Адистердин пикиринде акыркы учурда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Ал бир гана экономика жаатында эмес билим берүү жана маданият тармагында да.

Жогорку Кеңештин 7 — чакырылышынын депутаттарын шайлоо жаңы эрежелер менен өтөт. Депуттардын саны кыскартылган жана катуу талаптар коюлган. Эки бюллетень берилип анда партияга гана добуш бербестен, өзүңүзгө жаккан талапкерди колдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Өнүгүү туруктуулуктан көз каранды. Мындай ойлорун өлкөдө өнөкөткө айланган митингдерден тажаган эл айтууда. Адистердин белгилешинче да мамлекеттеги тынчтык бардык тармактарга оң таасирин тийгизмек. Андыктан алар азыркы дүйнөнү каптаган каатчылык учурунда республиканын өнүгүүсүнө өз салымын кошо албагандарды жок дегенде тоскоол болбой нааразычылык акциялардан баш тартууга чакырат.

Кирешени көбөйтүү! Мындай тапшырма мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерине коюлган.
Талапты аткара албаган жетекчилер иштен алынат. Ал эми компаниялар жабылып же болбосо тармактык министрликтерге өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу, бүгүн борбор калаада өткөрүлгөн форумда айтылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруунун эффективдүүлүгүн арттырууга дагы кандай аракеттер көрүлүүдө?

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы жалпы баасы 92 миллион сомду түзгөн 54 сотых жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалым болгондой Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүндөгү 10 жер тилкеси Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары тарабынан 2005-жылдары турак жай куруу үчүн жеке жактарга берилип кеткен.