Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы маалымат тармагында кызматташуу боюнча иштерди аткарып жатат

9- сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Казакстан Республикасынын “Казакстан” телеканалынын өкүлдөрү Кенжебай Дюсембиев жана Талап Жакупов келди.

Алар, министрдин орун басары Салтанат Аманованын кабыл алуусунда болуп, буга чейин Кыргыз Республикасынын делегациясы Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына бир катар мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши менен таанышып, аны ишке ашыруу максатында келгендиг тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Салтанат Аманова эки тараптуу мамилелерди чыңдоого мындай алаканын түзүлүшү эң мыкты аянтча экендигин белгилеп, Нур- Султан шаарында «Пирамида» «Медиа-холдинги жана «Казакстан» РТРК» АК кызматташтыгы тууралуу Меморандумга кол коюлгандыгына токтолду.

Меморандумда Кыргызстан менен Казакстан Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жана Казакстан Республикасынын эл акыны Мухтар Шахановдун достугунун үлгүсүндө эки бир тууган элдин достугу тууралуу толук метраждуу биргелешкен даректүү тасма тартуу жөнүндө макулдашылгандыгы белгиленет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө «Казакстан» РТРК» АКсы министрдин орун басары Салтанат Амановадан даректүү тасмагы кошуу үчүн интервью алып, мындан аркы жасала турган иш- аракетерди талкуулашты.

Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болду. Ишкерлердин жолугушуусуна Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын Вице-президенти Фуат Октай катышты. Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана түркиядан келген 90дон ашуун компаниянын өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Технология илгерилеген сайын журналистика тармагы дагы өзгөрүүгө дуушар болууда. Мындан 50 жыл мурун медиа тармак башка шарттарда иштеп келген болсо, азыр таптакыр өнүккөн заманбап технологиянын жардамы менен иштөөдө. Бирок билим берүүнүн форматы мурдагыдай бойдон калган. Ал эми азыркы рыноктун талаптары такыр башка. Бишкек шаарында дал ушул өңдүү маселелерди талкуулоо максатында медиа сектордун өкүлдөрүнүн катышусунда “Медиа диалог” жыйыны өтүүдө.

2022-жылы Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди. Министр ага улай Кыргызстанда жакынкы арада Түркиянын “ТРТ Аваз” каналынын бөлүмү ачыларын кабарлады. Анкара менен Бишкек маданий алакалар менен гана чектелбей, соода тармагында ишенимдүү өнөктөштөр. ЭАндыктан экономист серепчилер эки өлкөнүн бүгүнкү күндөгү алакасы Кыргызстан-Түркия кызматташтыгынын башталашы гана деп эсептешет. Белгилей кетсек, Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. 31-августта өтөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүңүн 30 жылдыгына карата Түркия дос, боордош өлкө катары Анкара шаарында “Манас” баатырдын эстелигин ачты.

Ал арада, борбор калаадагы Ала-Арча мамлекеттик резиденцияда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси өттү. Анда тоо -кен өнөр жайы, статистика, айлана -чөйрөнү коргоо, адал индустрияны өнүктүрүү жана соода -экономикалык өз ара аракеттенүү тармагы боюнча 5 документке кол коюлду.