Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

АКШ Бурананы коргоого 200 миң доллар бөлдү

200 000 АКШ доллары! Бул каражат Кыргызстандагы XI кылымга таандык “Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо» эл аралык долбоору аркылуу Кыргызстанга кайтарымсыз негизде берилет.

Жазык мыйзамдарын гумандаштыруу зарыл. Аталаган маселе Шанхай кызматташттык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVI кеңешмесинде талкууланды. Видеоконференция форматындагы жолугушууда сот тутумун санариптештирүү, сот адилеттигин ишке ашыруу процессинде IT- технологияларын колдонуу сунуштары да көтөрүлдү.

Кыргызстанды да кыя өтпөгөн пандемия социалдык чөйрөгө өз таасирин тийгизип, орто мөөнөттүү өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууга түрткү болууда. Мындан улам 5 жылга карата Кыргызстандагы социалдык маселелерди камтыган иш-чаралар пландары жарандык коомдун өкүлдөрү менен ортого салынып, биргеликте жүзөгө ашыруу кадамдары талкууланып жатат. Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо тармактарын камтыган долбоордон эмне натыйжалар күтүлүп жатат?