Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Октябрдан тарта пенсия жогорулайт

Кыргызстанда пенсия орточо эсеп менен 455 сомго жогорулады. Эми анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзөт. Бул тууралуу, Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди. Бул ирет дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү үчүн 1 млрд сомго жакын кошумча каражат керектелет.

Бишкектеги карылар үйүндө 206 адам баш калкалайт. Анда улгайгандардан сырткары, 20 жаштан жогорку курактагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да жашайт. Мекеменин кем-карчысына республикалык бюджеттен жылына 23 млн сом бөлүнөт. Аталган жайда 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп, белектер берилип, концерттик программа тартууланды.

Евро Биримдик Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында атайын долбоорду уюштурган. Анын акагында 11 кичи-грант берилип атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Мындан ары тыюу салынган жерлерде тамеки чеккендерге миң сомдон 10 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 5 миңден 28 000 сомго чейин айып салынат. Бул мыйзамдын аткарылышын ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык кызматы көзөмөлдөйт.
(1)Кыргызстандын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясына 15жыл мурда кошулган. Уюмдун берген маалыматына ылайык ар жылы биздин өлкөдө тамеки чегүүдөн келип чыккан оорулардан 6000 ге жакын адам каза болот. Жаңы мыйзамдын күчкө кириши менен чылым чеккендер азайып, өлүм кыскарабы?

Көз карандысыздык, чынчылдык жана компетенттүүлүк. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын адвокаттарынын экинчи курултайына катышты. Анда өлкө башчысы Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу экенин, ага түшкөн киши оңой менен чыга албасын айтты. Ал өзү ошол жаргылчактын кыйынчылыктарын башынан өткөрүп, адвокаттардын жардамы жана моралдык колдоосу менен кыйынчылыктардан чыкканын билдирди. Мамлекет башчысы өз сөзүндө адвокатуранын негизги көйгөйлөрүн, тактап айтканда айлык акы, имарат, коопсуздук маселелерин айтып, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.