Пирамида
С Вами на все времена!Эки тараптуу жана көп тараптуу дипломатиянын алкагында Кыргызстандын тышкы саясий багыты ырааттуу, эл аралык кызматташтыкта улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталган бойдон кала берет. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров 21 мамлекеттин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде билдирди. Германия, Албания, Мексика, Италья, Канада баштаган өлкөлөр Кыргызстан менен экономика, айыл чарба, туризм, энергетика жана башка тармактарда кызматташууну арттырууга чоң мүмкунчулүктөр бар экендиктерин белгилешти. Мындан ары алар эки жана көп тараптуу алакаларды кеңейтүүнү улантууга кызыкдар. Элчилердин дипломатиялык миссиясындагы пландарына кабарчыбыз Мээрим Дүйшөналиева токтолот.
Ой-пикир калтыруу