Жума, 22 Жетинин айы 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Айдоочулук күбөлүктөрдү алуудагы жемкорлукту жок кылуу иштери күчөтүлөт

2018-жылдын аягында транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тармагындагы коррупциялык элементтерди жоюу максатында Кыргызстанда «Унаа» мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Бирок айрым эксперттердин пикиринде аны менен эле көйгөй чечилип калбай, ишкананын аты эле өзгөргөнү болбосо, башкасы ошол бойдон эле турат. Жакында эле мекеме жетекчиси Алымжан Козубаевдин кызматкерлердин жумуштук келишимдерин узартуу үчүн ар биринен 2000 АКШ долларын талап кылганы тууралуу басма сөз беттериндеги маалыматтар буга кошул-ташыл болуп кетти.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *