Пирамида
С Вами на все времена!“Мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү саясаты – ички миграцияны кыскартуу максатын көздөйт. Ал эми ички миграцияны кыскартуу үчүн алгач жер-жерлерде ишкердикти колдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Азыр ушул багыттагы иштер кызуу жүрүп жатат”. Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушканда билдирди.Анда ал 2020-жыл үчүн бекитилген жаңы Жарлыктын максаттары менен милдеттери тууралуу да айтып берди. Эл менен жолугушуу суроо-жооп таризинде уюштурулуп, инвестиция, айыл чарба, соода, салык, бажы жана кызмат көрсөтүү жаатында жүрүп жаткан иштер жөнүндө сөз болду.
Ой-пикир калтыруу