Жума, 22 Жетинин айы 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилди

Тоолордун жана тазалыктын символу болуп, Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан чокуларын элестеткен ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын Өкүлдүк тизмесине киргизилди. Мындай чечим, 12-декабрда Колумбиянын борбору Богота шаарында өткөн Өкмөттөр аралык комитеттин 14-отурумунда бир добуштан кабыл алынды. Тизмеге киргизүү сунушун «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду менен ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясы берген. Сунуштама ЮНЕСКОнун Катчылыгына 2018-жылы жиберилип, көз карандысыз эл аралык серепчилер сунуштамаларды 2 жылдын ичинде талдап, чечимдерин чыгарышкан.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *