Пирамида
С Вами на все времена!Дүйнө жүзүндө күн сайын коронавируска чалдыккан адамдардын саны өсүүдө. Учурга чейин бул илдетке каршы вакцина же дары табыла элек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны даярдоого бир жыл керектигин билдирип, азыркы тапта дүйнөдө ооруга каршы 20дан ашык вакцина сыноодон өткөрүлүп жатканын белгилейт. Белгилүү бир дарынын жоктугуна байланыштуу бир топ мамлекеттер илдетке кабылгандарды дүйнөлүк уюмдун алгоритимине жараша дарылап келет. Кыргызстандагы «Биовит» фармацевтикалык заводунда чыккан айрым дарылар да коронавирус инфекциясына каршы дарылоодо колдонулууда.
Ой-пикир калтыруу