Пирамида
С Вами на все времена! 2021-жылдын аягында дүйнөдө азык-түлүктүн баасы 28%га кымбаттады. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму билдирди. Кадимки шарттарда баалардын жогорулашы өндүрүштүн көбөйүшүнө алып келет, бирок керектөө бааларынын өсүшү, уланып жаткан глобалдык пандемия жана күтүүсүз аба ырайы рыноктун 2022-жылы турукташуусуна үмүт арттырбайт,- деп айтылат маалыматта. Азык-түлүккө болгон бааларга карата бардык өлкөлөр атайын чараларды көргөнгө аргасыз. Ушул тапта Кыргызстанда чекене соода рыногунда баанын өзгөрүү динамикасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Күнүмдүк керектелчү азык-түлүктүн баасына кабарчыбыз Мээрим Дүйшөналиева саресеп салды.
Ой-пикир калтыруу