Пирамида
С Вами на все времена!Бүгүн өлкөдө кылымдарды карыткан кыргыз калпагынын күнү белгиленүүдө. Бул күндү белгилөө идеясын 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров коомчулукка сунуштаган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, ал эми Жогорку Кеңеш мындан үч жыл мурда 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген улуттук баш кийимдин формасы Манас бабанын мезгилинен бери өзгөрбөй келе жатат.
Ой-пикир калтыруу