Пирамида
С Вами на все времена!Тез ылдамдыкта жайылып жаткан коронавирустун айынан дүйнөлүк экономика 3 триллион долларга жакын зыян тартышы мүмкүн. Глобалдык экономикадагы өсүш быйылкы жылга болжолдонуп жаткан 3 пайыздын ордуна 0,8 пайызга чейин түшүшү айтылууда. Бул көрүнүш биринчи кезекте илдет күч алып бара жаткан өлкөлөргө өтө чоң экономикалык сокку болот. Мындай пикирлерин дүйнө жүзүндөгү эксперттер билдирип чыгышты. Ал эми Кыргызстан боюнча айта турган болсок, вирустун экономикалык таасирлерин жөнгө салуу максатында президенттин сунушу менен атайын штаб түзүлгөн. Учурда тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча аракеттер башталды.
Ой-пикир калтыруу