Пирамида
С Вами на все времена!Салык декларациясын тапшырбаган жергиликтүү кеңештин депутаттарын мандатынан ажыратуу керек. Мындай сунушту Башкы прокуратуранын демилгеси менен өткөрүлгөн укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча координациялык кеңешмесинде башкы прокуратура киргизди. Тактоо ирээтинде айта кетсек, республика боюнча 5106 мамлекеттик кызматкер декларацияларын тапшырбаганы анык болсо, алардын 4000ден ашыгы жергиликтүү кеңештин депутаттары. Жыйындын күн тартибине өлкөдөгү мамлекеттин менчигиндеги объектилерди пайдалануунун мыйзамдуулугу жана натыйжалуулугу жөнүндө маселелер да талкууланды.
Ой-пикир калтыруу