Жума, 22 Жетинин айы 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БАТКЕН: 62 АЙЫЛГА ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛДЫ

Баткен облусунун Исфана шаарына чыгаан мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул анын атын түбөлүккө калтырып, мамлекеттүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгегине урмат көрсөтүү болуп саналат. Исхак Раззаков Кыргызстандын Министрлер советинин төрагалык кызматын жетектеп турган маалда бардык тармактарда кыйла жылыштар, өсүштөр көзгө көрүнөрлүк деңгээлге чыкканын коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, тарыхчылар белгилешет.(2) Ошондой эле «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Мыйзам былтыр Президенттин жарлыгы менен бекитилгени маалым. Өзгөчө макамга ылайык, Баткен облусунун чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн бир катар жеңилдиктер берилип жатат. Кандай жеңилдиктер жөнүндө сөз болуп жатат? Мээрим Дүйшөналиева айтып берет.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *