Пирамида
С Вами на все времена!Абидин. Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон эң жаш кыргызстандык. Арка айылынын жаш тургуну эки айдан соң, 1-июлда болгону беш жашка чыкмак. Бөбөк ок атуу башталган 29-апрелде бир туугандары жана апасы менен тоо тарапка качып баратып, айыл четиндеги каналга жеткенде снаряд жарылып сууга агып кеткен. Лейлек райондук милициясы Абидин Турсунбаевдин өлүмүнүн себептерин териштирип баштады. Ошентип Баткенге кол салуудан жалпысынан 36 мекендешибиз шейит кетти. Жаракат алгандардын саны 200гө чамалады..
Ой-пикир калтыруу