Пирамида
С Вами на все времена!Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткенге жардам иретинде 98 млн сом чогулду. Облустук администрациянын эсебине ыктыярдуу түрдө 90 млн 780 миң сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 300 миң жана Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 5 млн 900 миң сом каражат которулду. Баткендеги жаңжалдан кыйраган үйлөр менен социалдык имараттарды кайра куруу иштери башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин талкалаган имараттардын ордун толугу менен сүрдүрүп, кайра курууга даярдаган.
Ой-пикир калтыруу