Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 жуктургандардын санынын өсүш тенденциясын байкоого болот. Ошондой эле күн сайын коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин да саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн брифингде Кубатбек Боронов билдирди. Мындан улам, Республикалык штаб алар менен байланышта болгон адамдарды аныктоо боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатат. Штабдын медицина кызматкерлерин жеке коргонуу шаймандары менен камсыз кылуу маселеси да көзөмөлдө. Боронов белгилегендей, коронавирус менен ооруган адам менен байланышта болгон акыркы адамды тапкыча өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдеринин мөөнөтүн узартуу сунуштала берет.
#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #13апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант
Ой-пикир калтыруу