Пирамида
С Вами на все времена!Ленинградчылардын эрдиги жана фашисттерге кандай баа жеткис эмгек менен туруштук бергендиги бүгүн Бишкекте эскерилди. 77 жыл мурда блокада кыйратылып, душмандын курчоосунда Ленинград 872 күндү башынан өткөргөн. Фашисттик бомбадан, ачкачылыктан жана сууктан жүз миңдеген адам каза болгон. Алардын эрдиктери борбор калаадагы Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында уюштурулган иш-чарада эскерилип, ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. «Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн. Бул дата Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы баатырдык барактардын бири», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.
Ой-пикир калтыруу