Пирамида
С Вами на все времена!Бишкек шаарындагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында калкты тейлөө борбору ишке берилди. Кыргызстандагы 27- борбордун ачылыш аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышты. Өкмөт башчысы белгилегендей, 1-июнга чейин Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен жана Чүй облустарында жалпысынан 9 калкты тейлөө борборлору ачылат. Жаңы форматтагы мындай жайлар калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздап, документтерди алуунун процесстерин жеңилдетет.
Ой-пикир калтыруу