Пирамида
С Вами на все времена!Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы сентябрь айынын аягында ишке берилери күтүлүүдө. Учурда чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери башталууда. Адистер Кыргызстанда акыркы 30 жылда мындай жугуштуу ооруларга ылайыкташкан оорукана салына электигин айтышууда. Ошондой эле жаңы бейтапкана 8 баллдык жер титирөөгө туруштук берип, кеминде 50 жыл кызмат кылаары айтылууда.
Ой-пикир калтыруу