Бейшемби, 19 Аяк оона 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкекте зыяндуу заттарды жаккан эки мончо аныкталып айыптар салынды

Жыл сайын кыш мезгилинде Бишкек шаарында таза аба жетишпей, чоң көйгөй жаралып келет. Бул өз кезегинде бобор шаарды каптаган көк түтүнгө ким күнөөлүү деген талаш тартышка жем таштайт. Айрымдар жылуулук электр борборуна сын такса, башкалар жеке үйлөр, мончолор айыптуу деген жүйөөнү карманышат, үчүнчүлөрдүн пикиринде баарына себептүү унаалардан чыккан түтүн. Ал ортодо дарыгерлер желимдерди, чүпүрөк, жалбырак сыяктуу таштандыларды өрттөө ден соолукка зыян экенин байма-бай эскертип келет. Мындан улам Бишкек мэриясы тыюу салынган зыяндуу заттарды өрттөгөн мончо, турак-жайларга карата текшерүү иштерин баштады.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *