Пирамида
С Вами на все времена!Чүй облусунда ири инвестициялык, туристтик жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылышы керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылдын планы каралган коллегиясында билдирди. Коллегиянын отурумуна район башчылары, Токмок шаарынын мэри, облустук жана райондук мекеме жетекчилер чакырылган. Отурумдун жүрүшүндө Премьер-министр бир катар жетишкендиктер менен кемчиликтерди санап өттү. Аны менен катар ал Токмок шаарында жайгашкан трикотаж кездемелерин чыгарган ишкананын иши менен таанышты.
Ой-пикир калтыруу