Билим берүү, медицина, социалдык багыттагы жардам. «Чөптүн тамыры жана адамзаттын коопсуздугу» аттуу жапон программасынын алкагында грант-келишимдерге кол коюлду. Жалпы суммасы — болжол менен 140 миң доллар. Бул акчага Бишкек медициналык колледжине заманбап жабдуулар, Чолпон-Атанын суу менен камсыз кылуу системасын жакшыртуу долбоорунун алкагында насостор жана темир-бетон тосмолор, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Тоң районуна таштанды ташуучу унаа сатып алынган. Өкмөт өкүлдөрү ар түрдүү тармактарда көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн, өзгөчө региондордогу жашоо сапатын жакшыртууга баа жеткис салым кошкондугу үчүн Японияга ыраазычылык билдирет. Грант алуучулар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары кызматташтык уланарына ишеним билдиришти.
Ой-пикир калтыруу