Ишенби, 23 Жетинин айы 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Чочулоонун кажети жок. Кумтөр боюнча сот процесси Кыргызстандын инвестициялык климатына терс таасирин тийгизбейт

Чочулоонун кажети жок. Министрлер Кабинети Кумтөр боюнча сот процесси Кыргызстандын инвестициялык климатына эч кандай терс таасирин тийгизбей тургандыгын ишендирет. Мамлекет мыйзам талаасында иштеген ички жана тышкы инвесторлор менен мурдагыдай эле ачык кызматташуусун уланта берет. Ал эми Кумтөрдүн айланасындагы маселелер өз жолу менен соттон чечилмекчи. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлиги Центерра менен түшүнбөстүктөр көптөн бери уланып келе жаткандыгын, бирок мындай кырдаал өз капиталын өлкөнүн экономикасына инвестициялаган башка чет элдик ишкерлерге таасир этпестигин билдирүүдө. Тажрыйбалуу юристтер дагы Кыргызстан мыйзамдын чегинде иш алып барат деп ишенишет, андыктан кадыр-барктуу инвесторлор эч кооптонбошу зарыл.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *