Пирамида
С Вами на все времена!Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту Башкы прокуратура камсыз кылат. Прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүүнү күчөттү. Бул шайлоо мыйзамдарында бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыз-даттанууларды ыкчам кароо үчүн түзүлдү. Буга ылайык, өлкөнүн бардык аймактарындагы прокуратураларда атайын штабдар түзүлүп, шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттерин катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы да коюлду.
Ой-пикир калтыруу