Пирамида
С Вами на все времена!Быйыл Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгонуна туура 30 жыл толду. Бишкекте бул ирет эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу белгиленип, Ала-Тоо борбордук аянтында аскер парады жана эмгекчилердин жүрүшү өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышты.
Ой-пикир калтыруу