Пирамида
С Вами на все времена!Кыргызстанда эхинококкоз дартынын алдын алуу иштери өз жемишин берип жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл анын саны 279 учурга кыскарды. Мындан улам, адистер бул илдет менен күрөшүүгө атайын стратегиялык план иштеп чыгышкан. Беш жылга арналган пландын алкагында аймактар аралык семинарлар өткөрүлүп келет. Эхинококкоз, альвеококкоз жана кутурма ооруларынын алдын алуу, дарылоо жана кыскартуу аракеттерин көрүүгө арналган эл аралык семинар борбор калаада башталды. Ага Грузия, Армения, Азербайжан, Россия жана Казакстан сыяктуу 25 өлкөдөн 50 ашуун өкүлдөр келишкен.
Ой-пикир калтыруу