Пирамида
С Вами на все времена!Январь-апрель айларында өлкө экономикасында реалдуу өсүш 105 пайызды түздү. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов төрт айда ички дүң продукциянын көлөмү 203 млрд сомду түзгөнүн билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4%га көп. Өсүштөн тышкары, антикризистик план кандай аткарылып жатканы тууралуу да сөз болуп, республиканын базарларында биринчи керектелүүчү товарлардын бааларынын өсүшү түшүндүрүлдү.
Ой-пикир калтыруу