Пирамида
С Вами на все времена!Бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кечиктирбей кабыл алуу керек. Мындай пикирлер бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар эл өкүлдөрү тарабынан айтылды. Анда депутат Евгения Строкова мыйзам долбоорун парламентте 2-жана 3-окууда карап, кабыл алуу керектигин билдирди. Коомчулукта кызуу талкуу жараткан бул мыйзам долбоорун колдогондор арбын. Алар коммерциялык эмес уюмдар каржылык маалыматтарын ачык-айкын бериши керек деген ойдо.
Ой-пикир калтыруу