Пирамида
С Вами на все времена!Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында билдирди. Жыйын бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өтүп, өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы каралды. Анда Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабы коюлду. Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды.
Ой-пикир калтыруу