Пирамида
С Вами на все времена!Электрондук коммерцияны киргизүү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны дүйнөлүк базарга чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал аркылуу биздин ишкерлер Амазон сыяктуу ири компаниялардын аянтчаларына катыша алышат. Бул жөнүндө бүгүн Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө электрондук соода жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал былтыр өткөн Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында берилген тапшырманын негизинде аткарылган.
Ой-пикир калтыруу