Пирамида
С Вами на все времена!Өлкө аймагында шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Жалпысынан абал тынч. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ордо калаада коомдук тартипти эки миңдей милиционер камсыздап жатат. Ал эми шайлоо өнөктүгүнө эл аралык байкоочулар мониторинг жүргүзүп жатышат. Коомдук байкоочулар дагы бар. Алар ар бир тилкедеги шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө, коомдук тартипке, деги эле шайлоонун жүрүшүнө баа беришүүдө. Алардын айтымында, негизинен шайлоо таза өтүүдө. Бирок майда-чүйдө мыйзам бузуу фактылары дагы бар.
Ой-пикир калтыруу