Пирамида
С Вами на все времена!Экономиканы турукташтыруу үчүн бизнести колдоону улантуу керек. Ал үчүн бизнес менен мамлекеттин ортосундагы диалогду чыңдоо маанилүү. Ишкерликти колдоо максатында буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан. Ал эми бүгүн мамлекет башчысы Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковду кабыл алып, Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү, түзүлгөн кырдаалда ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жана посткризистик мезгилде бизнестин ролун талкуулады.
Ой-пикир калтыруу